Субрегионалдык семинар

Борбордук жана Түндүк Азия: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Монголиядагы ТӨМ, адам укуктары жана жарандык мейкиндик боюнча субрегионалдык семинар болуп өттү. Семинарга Азия чөлкөмүнөн, анын ичинде Бангладеш, Түштүк Корея, Пакистан, Чили, Монголия жана Европадан 60тан ашык катышуучу катышты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген эксперттер улуттук изилдөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөтүштү. Жыйынтык отчетторун талкуулоого 20дан ашык спикерлер катышты, алар үч топто төмөнкү тематикада отчетторду талкуулоо боюнча иш алып барышты: БА аймагында жана Монголияда ТӨМгө жетишүүдөгү прогресс; SDGs жана адам укуктары; Демократия жана жарандык мейкиндик.

Субрегионалдык семинардын катышуучулары мамлекеттерде ТӨМдүн ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү улантуу жана глобалдык демилгелерге тартуу аркылуу БА регионунда 2030-жылга чейин Күн тартибин алдыга жылдыруу жана ишке ашырууда жарандык коомдордун потенциалын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Субрегионалдык семинар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Пролистать наверх