Бүгүн дүйнөлүк коомчулук адам укуктарын коргоо күнүн белгилеп жатат. Укуктар күнү расмий түрдө 1950-жылы декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын Пленардык жыйынында негизделген. 10 — декабрь — Адам укутарынын жалпы декларациясынын кабыл алынышы жана жарыяланган күнүн белгилөө үчүн тандалып алынган. Бул өз мезгилинин маанилүү документи. Анда расасына, өңүнө, жынысына, тилине жана динине карабастан ар бир адамга таандык ажырагыс укуктар жарыяланган. Ошондой эле саясий же башка ишенимдер, улуттук же социалдык теги, мүлкү же башка статусу боюнча бөлүү да адам укуктарын бузуу болуп саналары жарыяланган.
Коркунучтуу Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин дээрлик дароо кабыл алынган документ адамдын бардык мүмкүн болгон укуктарын формулировкалап, оңдогон. Анын ичинде миллиондогон адамдардын жашоо укугу — саясий, жарандык, социалдык, маданий жана экономикалык укуктардын кеңири спектрин камтыйт.
Кызыгы, декларация дүйнөдөгү башка документтерге караганда көбүрөөк колдонулат. Ошондой эле анын негизинде башка эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу ишке ашырылган.
Акыркы он жылдыкта Адам укуктарын коргоо күнү жыл сайын белгилүү бир ураан астында өткөрүлүүдө. Алардын арасында «Адамдын ар-намысы жана адилеттүүлүгү баарыбыз үчүн», «Дисскриминацияга жол бербөө» жана «Дүйнө жүзүндөгү укук коргоочулар дискриминацияны токтотуу үчүн күрөшүп жатышат», «Адам укуктарын майрамдоо», «Менин үнүм маанилүү», «20 жыл өз укугуңар үчүн күрөшөбүз”, “Адам укугу жылына 365 күн”, “Бүгүн бирөөнүн укугу үчүн күрөш!” жана башкалар.
Мындан кем эмес кызыктуу дагы бир чындык — ар 5 жыл сайын 10-декабрда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жылдыгында БУУнун адам укуктары боюнча сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлөт. Ал 1966-жылы адам укуктарын илгерилетүүгө жана коргоого өзгөчө салым кошкондорду сыйлоо максатында түзүлүп, биринчи жолу 1968-жылы берилген.