Бейөкмөт уюмдардын конференциясы — Борбордук Азия
Алматыда “Аймактарды өнүктүрүү: ички көрүнүш” аттуу биринчи эл аралык конференция болуп өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн 191 адам катышты. Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандын Хатлон облусунан, Түркмөнстандан жана Казакстандын ар кайсы аймактарынан бейөкмөт уюмдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишти. Конференция эки пленардык жыйын менен ачылып, анда аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги жана жарандык коом уюмдарынын өкмөт […]