Саясий Форуму

2021-жылдын 15-июлунда – Борбордук Азия чөлкөмүнүн тарыхында биринчи жолу БУУнун Жогорку Деңгээлдеги Саясий Форуму 2021 (ЖЖПФ) алкагында “2030 Туруктуу Өнүгүү  Максаттарын ишке ашыруу” кошумча иш-чарасы болуп өттү.

Бул онлайн сессиянын максаты Борбордук Азия өлкөлөрүндө 2030 ТӨМдүн аткарылышы боюнча серепти даярдоо болду. Ошентип, Борбордук Азиядагы жарандык коом уюмдарынын лидерлери БУУдагы жогорку деңгээлдеги иш-чарада биринчи жолу баяндама жасашты. Иш-чарага Кыргызстандан көптөгөн бейөкмөт уюмдары, жарандык коом лидерлери жана башка кызыкдар адамдар катыша алышты. Кыргызстанда глобалдуу түрдө көйгөй болгон экология, гендер жана кедейликти жокко чыгаруу боюнча суроолор кооптуу болгонун тастыкташты. 

Маалымат үчүн:

Туруктуу Өнүгүү Максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу Жогорку Деңгээлдеги Саясий Форум  БУУнун органы жана талкуу аянтчасы болуп саналат, ал Туруктуу Өнүгүү Максаттарын (SDGs) жана аларга улуттук жана глобалдык деңгээлде жетишүүнү талкуулайт. Форумдун жыйындарынын жүрүшүндө ТӨМдөрдү ишке ашыруу процесси каралып, бул процессти тездетүү боюнча сунуштар берилди.

 

 

Саясий Форуму

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Пролистать наверх