Кыргызстанда айылдык мектептерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу боюнча долбоор старт алды. Бул долбоор «Өнөктөштүктү жана жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы» коомдук уюму менен «Скайнет Телеком» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн субконтракттын негизинде ишке ашырылууда. Долбоор Европа Биримдигинин санариптик ажырымды кыскартууга багытталган Connectivity демилгесинин алкагында каржыланууда.
Долбоордун негизги максаты – өлкөнүн беш облусунда жайгашкан 10 мектепти туруктуу интернет байланышы менен камсыз кылуу. Бул аймактарга Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустары кирет. Мектептердин тандалышы алардын ири калктуу конуштардан алыс жайгашуусуна жана сапаттуу интернеттин жеткиликтүүлүгүнүн жоктугуна негизделген.
Долбоордун алкагында заманбап телекоммуникациялык жабдуулар орнотулуп, интернет чөйрөсүнүн коопсуздугу камсыз кылынат жана мектеп кызматкерлерине санариптик технологияларды натыйжалуу пайдалануу боюнча окутуулар өткөрүлөт. Жогорку ылдамдыктагы интернет окуучулардын жана мугалимдердин билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн бир топ жакшыртып, окуу процессинин санариптик трансформациясына өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.
«Бул долбоор Кыргызстан үчүн абдан маанилүү, анткени санариптик теңсиздик дагы эле чоң көйгөй болуп саналат. Европа Биримдигинин колдоосу менен биз айылдык мектептердин окуучуларынын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн заманбап стандарттарга жакындатууга мүмкүнчүлүк алдык», — деп белгиледи «Скайнет Телеком» ЖЧКсынын башкы директору Баймендиев С.М.
Долбоор боюнча иштер башталды, ал эми биринчи туташтыруунун жыйынтыктары жакынкы айларда күтүлүүдө.