2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы Flatter Hall коворкингинде, Технопаркта (Кыргыз Республикасы) Central Asia Startup Cup — Борбор Азиядагы стартап-экосистеманы өнүктүрүүгө багытталган маанилүү регионалдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны Accelerate Prosperity (Улуу Британиянын Элчилиги жана Ага Хан Фонду тарабынан колдоого алынган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) менен биргеликте, Европа Биримдиги каржылаган «Last-mile Connectivity to Promote Digital-Green Education Opportunities» (Connectivity) долбоорунун колдоосу менен уюштурду.
Экинчи күндүн салтанаттуу ачылышында ЕБнин Кыргыз Республикасындагы Делегациясынын техникалык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Ханс Фарнхаммер сөз сүйлөп, инновацияларды жана ишкердикти колдоонун аймактын туруктуу өнүгүүсүндөгү маанисин белгиледи.
Startup Battle алкагында ЕБнин Connectivity долбоору аркылуу каржыланган 7 стартап тандалды. Ар бир стартап өз демилгесин ишке ашыруу үчүн 5 000 евродон алды. Жыйынтыгында Connectivity долбоорунун 35 миң евролук сыйлык фонду жети командага бөлүндү. Алардын долбоорлору жашыл өсүш багытындагы санариптик чечимдерди иштеп чыгууга арналган. Тандоодо алыскы жана айылдык аймактардагы стартаптарга, ошондой эле инфраструктуралык же билим берүү көйгөйлөрү бар коомчулуктардан чыккан демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
-
Nomado — турларды брондоо платформасы
-
Sound Vision — аз көргөндөр үчүн AR-очкулары
-
Tez Jumush — тиричилик кызмат көрсөтүүчүлөрдү жана кардарларды байланыштырган онлайн-платформа
-
Edu Test — мектептер жана олимпиадалар үчүн санариптик тестирлөө платформасы
-
WeSave — суу керектөөнү башкарууга арналган акылдуу тиркеме
-
Tilzone — англис тилин үйрөтүү платформасы
-
THE Tech — STEM-билим берүү программасы, айрыкча аз камсыз болгон коомчулуктардагы жогорку класстын окуучулары үчүн
Central Asia Startup Cup 2025 стартаптар, инвесторлор, технологиялык лидерлер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасына айланып, келечектүү долбоорлорго мындан ары өсүп, эл аралык рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берди.
