Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Last-mile Connectivity to Promote Digital-Green Education Opportunities (Connectivity)” долбоорунун командасы долбоордун негизги жетишкендиктерин жана анын Кыргызстандагы таасирин чагылдырган жыйынтыктоочу видеону жарыялады.
Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылган Connectivity долбоору санариптик инфраструктураны жакшыртууга, сапаттуу билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, санариптик жана жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле мектептерде жана жергиликтүү жамааттарда инновацияларды жайылтууга багытталган.
Долбоордун алкагында Ош жана Баткен облустарындагы 10 пилоттук мектептин интернет инфраструктурасы жаңыртылды. Жалпысынан 22 заманбап Wi-Fi 6 роутери орнотулуп, мектептердин тармактык инфраструктурасы модернизацияланды. Натыйжада 10 миңден ашуун окуучу жана 350 мугалим санариптик билим берүү ресурстарына туруктуу жана сапаттуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Мындан тышкары, өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектептер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылды. Бул компонент Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 10 мектепти камтып, 7 300дөн ашуун окуучу жана 590дан ашуун мугалимге пайда алып келди. Долбоордун алкагында 70тен ашык Wi-Fi жеткиликтүүлүк чекити орнотулуп, 3 чакырымдан ашык CAT6 кабели тартылып, ишенимдүү санариптик байланышты камсыз кылган заманбап тармактык жабдуулар киргизилди.
Санариптик билим берүү чөйрөсүн чыңдоо максатында долбоор ошондой эле сегиз мектепке 15 заманбап интерактивдүү панель орнотуп берди. Бул мугалимдерге окутуунун интерактивдүү жана заманбап ыкмаларын кеңири колдонууга шарт түздү.
Долбоордун дагы бир маанилүү жетишкендиги айылдык мектептердин мугалимдери жана окуучулары үчүн жаңы окуу материалдарынын иштелип чыгышы болду. Бул ресурстар кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде даярдалып, төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
- Инклюзивдүү билим берүү;
- Жашыл билим берүү;
- Климаттын өзгөрүшү;
- Санариптик сабаттуулук.
Connectivity долбоору ошондой эле инновацияларды жана STEM билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Бул багытта алты мектеп FIRST робототехника комплекттери менен камсыз болуп, мугалимдер үчүн робототехниканы окуу процессине интеграциялоо боюнча атайын окутуулар өткөрүлдү.
2025-жылы долбоор Ош жана Бишкек шаарларында робототехника боюнча чемпионаттарды уюштуруп, ага 500дөн ашуун окуучу, мугалим жана насаатчы (ментор) катышты. Командалар FIRST LEGO League Explore, FIRST LEGO League Challenge жана FIRST Tech Challenge категорияларында күч сынашып, жаштар арасында чыгармачылыкты, командалык иштөөнү жана инженердик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүштү.
Билим берүү тармагынан тышкары, Connectivity долбоору Central Asia Startup Cup демилгеси аркылуу ишкердикти өнүктүрүүнү да колдоду. Бул демилгенин алкагында жети стартаптын ар бири 5 000 евро көлөмүндө грантка ээ болуп, жалпы 35 000 евро инновациялык идеяларды туруктуу бизнеске айландырууга багытталды.
https://youtu.be/uFIUu_X0SFc?si=e1ysTZOaRY2cVe9O