В Бишкеке состоится Central Asia Startup Cup 2025Бишкекте Central Asia Startup Cup 2025 өтөт

2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы Flatter Hall коворкингинде, Технопаркта (Горький көч., 1/2, Кыргыз Республикасы) Central Asia Startup Cup (CASC) — Борбор Азиядагы стартап экосистемасын өнүктүрүүгө арналган маанилүү регионалдык иш-чара өтөт.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Accelerate Prosperity — Улуу Британиянын Элчилиги жана Ага Хан Фонду тарабынан биргелешип каржыланган алдыңкы инвестициялык бизнес-акселератор менен биргеликте, ошондой эле Европа Биримдигинин «Last-mile Connectivity to Promote Digital-Green Education Opportunities» (Connectivity) долбоорунун колдоосу менен уюштурууда.

Central Asia Startup Cup 2025 инновацияларды, ишкерликти жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча маанилүү аянтчага айланат. Катышуучуларды төмөнкүлөр күтөт:

  • Startup Battle — Борбор Азиядагы эң келечектүү стартаптардын презентациялары

  • Панелдик талкуулар — тармак лидерлери жана эксперттер менен

  • Нетворкинг сессиялары — экосистеманын негизги өкүлдөрү менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү

  • Startup Alley — долбоорлорду потенциалдуу инвесторлорго сунуштоо

Иш-чаранын алкагында стартап-баттлдын жети жеңүүчүсү ЕБнин Connectivity долбоорунан каржылоого ээ болушат.

Уюштуруучулар стартаптарды, инвесторлорду, ишкерлерди, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык технологиялык компаниялардын өкүлдөрүн бул маанилүү иш-чарага катышууга чакырат.

В Бишкеке состоится Central Asia Startup Cup 2025Бишкекте Central Asia Startup Cup 2025 өтөт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Пролистать наверх