ТЕНДЕРГЕ КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ: Европа Биримдиги каржылаган «Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities» (Connectivity) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында эки Улуттук робототехника чемпионатын уюштуруу жана өткөрүү
«Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities» (Connectivity) долбоору Борбор Азия өлкөлөрүндө катталган уюмдарды эки Улуттук робототехника чемпионатын уюштуруу жана өткөрүү боюнча тендерге катышууга чакырат.
📅 Өткөрүү даталары жана жайгашкан жерлер:
Ош ш. — 2025-ж. 18-октябрь (200гө жакын катышуучу)
Бишкек ш. — 2025-ж. 13-декабрь (400гө жакын катышуучу)
🏆 Тандоо категориялары:
FIRST LEGO League Explore (6–10 жаш)
FIRST LEGO League Challenge (10–16 жаш)
FIRST Tech Challenge (12–18 жаш)
Тандалган подрядчынын милдеттери:
Иш-чараларды толук уюштуруу жана башкаруу (event management)
Мелдештерди техникалык жактан камсыздоо жана коштоо
Брендингди иштеп чыгуу жана жайгаштыруу
PR-кампания уюштуруу жана ЖМК менен иштөө
Логистикалык камсыздоо, анын ичинде аянтчаларды, жабдууларды даярдоо жана катышуучуларды координациялоо
Катышуучуларга талаптар:
Борбор Азиядагы бир өлкөдө катталган юридикалык жак болушу
Ири билим берүү, техникалык же спорттук иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасы
Көрсөтүлгөн мөөнөттө толук кызмат көрсөтүүгө даяр болуу
📩 Өтүнмөлөрдү тапшыруу тартиби: Тендердик сунуштарды орус жана англис тилдеринде төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: adpcskg@gmail.com
⏳ Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2025-ж. 20-август, саат 17:00 (GMT+6)
ТЕНДЕРГЕ КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ: Европа Биримдиги каржылаган «Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities» (Connectivity) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында эки Улуттук робототехника чемпионатын уюштуруу жана өткөрүү