25–26-октябрдагы чоң стартка майда-чүйдөсүнө чейин кам көрүлдү: баннерлер жана навигация коюлуп, каттоо, PIT-зоналар жана оюн талаалары даярдалды. Курманжан Датка атындагы Ош лицейинин аймагында камкордук менен уюштурулган логистика, ыкчам байланыш жана коопсуздук протоколдору катышуучуларга ишеним тартуулады. Бул даярдык — айылдагы мектептер үчүн да маанилүү: STEM-иш-чараларга тең мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу — биздин башкы максат.
Иш-чара ЕБ каржылаган Connectivity долбоорунун алкагында өтүүдө. Техникалык колдоо — Kerneu Group, уюштуруучулук жардам — өнөктөштөр жана ыктыярчылар. Лицей администрациясына чоң ыраазычылык!
Osh FIRST Regional 2025 чемпионатына даярдык кызуу жүрүүдө: баннерлер орнотулду, PIT-зоналар даяр — стартка саналган күндөр калды