Экинчи күн эртең мененки салтанаттуу ачылыш менен башталды: «Урматтуу мырзалар жана айымдар, кадырлуу кесиптештер, сүйүктүү бөбөктөр! Бүгүнкү ОШ FIRST робототехника чемпионатынына кош келдиңиздер!» — деген каалоо-тилек залга дем берди. Андан ары — параллелдүү калыстардык сессиялар, квалификациялык айлампалар, финалдар. Ар бир тактык менен аткарылган миссияга зал дүркүрөгөн кол чабуулар менен жооп берди.
Кечинде — сыйлоо: FLL жана FTC боюнча номинациялар тапшырылып, ар бир команда өзүнүн кичи жеңишин да, чоң сабагын да алып кетти. Бул турнир Кыргызстандагы мектептер үчүн, айрыкча айыл жергесинде, инженердик билимге болгон ишенимди бекемдеди.
Иш-чара Connectivity долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Чоң ыраазычылык — Kerneu Group, өнөктөштөр, лицей администрациясы жана ыктыярчыларга.
Osh FIRST Regional 2025 сынактары жана сыйлоо аземи болуп өттү