Тендерге чакыруу: Кыргызстандын айыл мектептеринде туруктуу өнүгүү үчүн IoT чечимдерин субподряд аркылуу ишке ашыруу

Жалпы маалымат
Дүйнө жүзү боюнча мектептер жана университеттер билим берүү программаларын жаңыртып, студенттерди кызыктырып, башкаруу жана администрациялоо процесстерин жакшыртуу үчүн акылдуу билим берүү IoT чечимдерин ишенимдүү киргизип жатышат. Бирок Кыргызстандын мектептери ресурстарды жана инфраструктураны башкарууда олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул ресурстарды натыйжасыз пайдаланууга жана заманбап билим берүү куралдарына чектелген мүмкүнчүлүктөргө алып келет. Айыл мектептеринин көбүндө “жашыл” IoT чечимдери жок, жана мугалимдер менен окуучулар аларды колдонуу тажрыйбасына ээ эмес. Интерактивдүү такталар, интерактивдүү контент, санарип китептер жана виртуалдык реалдуулук көз айнектери сыяктуу акылдуу билим берүү чөйрөсүн киргизүү окуучулардын окуу процессине болгон көз карашын түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн.

Интернет буюмдары (IoT) технологиясы билим берүү мекемелеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын каржылык туруктуулугун камсыздоо маселелерин чечүүгө жардам бере алат. Кыргызстандын айыл мектептери санарип технологияларды колдонуу менен эксплуатациялык чыгымдарды азайтып, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Билим берүү мекемелериндеги эң чоң чыгымдар энергияны жана ресурстарды керектөө менен байланыштуу, жана бул жерде IoT чечимдери жеткиликтүү ресурстарды мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууга чоң салым кошо алат.

Санарип технологияларды билим берүү процессине киргизүү төмөнкү өзгөртүүлөргө алып келет:
— Билим берүү мазмунунун өзгөрүшү;
— Окуу процессин уюштуруунун методдору жана формаларын кайра карап чыгуу;
— Ар бир сабактын мазмунуна жараша интеграцияланган курстарды түзүү.

Бул учурда билим, көндүмдөр жана жөндөмдөр окуучуну өнүктүрүүнүн максаты эмес, каражаты катары каралат. Санарип технологияларды колдонуу билим берүү системасынын атайын муктаждыктарына жооп берсе гана окуунун натыйжаларын жакшыртууга алып келет. Санарип технологияларды колдонууда окуу процессин уюштуруу материалдык-техникалык жабдууларга, мугалимдердин компетенцияларына жана сабакты уюштуруу талаптарына жооп бериши керек.

Максаттар:
Бул техникалык тапшырманын максаты — Кыргызстандын айыл мектептеринде туруктуу өнүгүүнү жана заманбап билим берүү куралдарын киргизүүнү колдой турган IoT системасын ишке ашыруу жана тейлөө үчүн субподряд түзүү.

Иш-чаранын көлөмү
Субподрядчы төмөнкү кызматтарды жана чечимдерди камсыздашы керек:
— Муктаждыктарды баалоо/карап чыгуу: Айыл мектептеринин инфраструктурасын толук баалоо, IoT интеграциялоо, энергияны үнөмдөө чараларын жана санариптик билим берүү куралдарын аныктоо.
— IoT системасын долбоорлоо жана ишке ашыруу:
— Интерактивдүү технологиялар: Класстарда санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн интерактивдүү панелдерди, мобилдик стенддерди жана аксессуарларды орнотуу.
— Программалык камсыздоону интеграциялоо: Табигый илим сабактары үчүн виртуалдык лабораторияларды түзүү жана интерактивдүү окуу үчүн программалык камсыздоону орнотуу. Мурдагы системалар менен шайкештикти камсыздоо жана виртуалдык лаборатория мейкиндигин түзүү.
— Окутуу жана мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу: Мектеп кызматкерлерине IoT системасын, интерактивдүү панелдерди жана программалык камсыздоону колдонуу жана тейлөө боюнча окутуу берүү.
— Экологиялык таасир: IoT чечимдеринин көмүртек эмиссияларын, энергия керектөөнү жана ресурстарды пайдаланууну азайтууга салым кошушуна көз салуу.

Жеткирилиши керек болгон документтер
Субподрядчы төмөнкүлөрдү камсыздашы керек:
— Муктаждыктарды баалоо/карап чыгуу: Айыл мектептеринде IoT жана санариптик чечимдер үчүн атайын муктаждыктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу деталдуу отчет.
— IoT системасы жана жабдуулары:
— Интерактивдүү панелдердин орнотулушу (15 даана);
— Мобилдик стенддердин, кронштейндердин жана тиешелүү жабдуулардын жайгаштырылышы.
— Окутуу программасы: Мугалимдер жана кызматкерлер үчүн окутуу модулу.
— Тейлөө планы: Системаны тейлөө жана анын натыйжалуулугун мониторинг кылуу боюнча деталдуу нускамалар.

Долбоордун иш мөөнөтү
Долбоор 8 айдын ичинде ишке ашырылып, орнотулуп, тестирлөө жана окутуу менен аяктайт.

Талаптар
Субподрядчы төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
— IoT инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча далилденген тажрыйба, айрыкча билим берүү же туруктуу өнүгүү секторунда.
— Санариптик билим берүү чечимдерин берүү боюнча адистик (интерактивдүү технологиялар, программалык куралдар).
— Айылдык же алыскы аймактарда иштөө боюнча тажрыйба, мүмкүн болсо Кыргызстанда же окшош аймактарда.

Бюджет
Келтирилген сунушта жабдуулардын (интерактивдүү панелдер жана IoT түзмөктөрү), программалык камсыздоонун лицензиялары, орнотуу жана улантылган тейлөөнүн чыгымдары деталдуу көрсөтүлүшү керек, баалар евро/сом менен белгиленет.

Баалоо критерийлери
Сунуштар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
— Техникалык ыкма: Сунушталган IoT жана туруктуу өнүгүү чечимдеринин ишке ашуусу.
— Тажрыйба: Ушуга окшош долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйба жана экологиялык технологияларды билүү.
— Чыгымдардын натыйжалуулугу: Баанын акыйкаттыгы жана бюджеттин ачыктыгы.
— Экологиялык таасир.

Документтерди тапшыруу эрежелери
Кызыкдар субподрядчылар төмөнкү документтерди 2024-жылдын 23-сентябрына чейин adpcskg@gmail.com дарегине жөнөтүшү керек:
— Долбоордун максаттарына жетүү үчүн ыкманы деталдаштыруучу техникалык сунуш.
— Кызматтарга, материалдарга жана колдоо көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды көрсөткөн финансылык сунуш.
— Каттоо жөнүндө күбөлүк (свидетельство о регисрации)
— Устав
— Уюмдун банктык реквизиттери (мультивалюта/сом)

Байланыш маалыматы
Кененирээк маалымат алуу же арыздарды тапшыруу үчүн төмөнкү электрондук почтага кайрылыңыз: adpcskg@gmail.com

Тендерге чакыруу: Кыргызстандын айыл мектептеринде туруктуу өнүгүү үчүн IoT чечимдерин субподряд аркылуу ишке ашыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Пролистать наверх