Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди заманбап билим берүү технологиялары менен камсыз кылуу уланууда. Бул долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, мектептер интерактивдүү панелдер менен жабдылууда.
Республикалык педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту жабдуулар алынуучу мектептердин тизмесин түздү. Долбоордун колдоосун баса белгилөө максатында кыргыз тилиндеги маалыматтык стикерлер даярдалып, бардык жабдууларга чапталды.
Учурда бир катар алыскы мектептер, анын ичинде Ош облусунун Алай районундагы мектептер интерактивдүү панелдер менен камсыздалды. Калган мектептерди жабдуу иши 2025-жылдын февраль айынын аягына чейин аяктайт.
Жабдуу алчу мектептердин тизмеси:
Кара-Балта шаары, №5 орто мектеп – 2 интерактивдүү панель
Сосновка орто мектеби, Жайыл району – 2 интерактивдүү панель
Кайрма орто мектеби, А. Айдаралиев атындагы – 2 интерактивдүү панель
Токмок шаардык лицейи №11 – 2 интерактивдүү панель
№3 орто мектеп, Ново-Покровка айылы – 2 интерактивдүү панель
№1 гимназия-мектеби, Д.П. Зубков атындагы, Кант шаары – 2 интерактивдүү панель
№4 жатак-мектеп, К. У. Абдрасаков атындагы, Алай району – 2 интерактивдүү панель
№2 орто мектеп, Отуңчиев атындагы, Алай району – 1 интерактивдүү панель
Бул демилге айылдык мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, санариптештирүүнү жайылтууга жана жаңы технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.