FIRST куралдар жана робототехника комплекттерин жеткирүү боюнча тендер жарыялайбыз

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Биз бардык кызыкдар уюмдарды Кыргызстандагы 6 орто мектеп үчүн STEM (илим, технология, инженерия жана математика) билим берүү багытын өнүктүрүү максатында FIRST куралдар жана робототехника комплекттерин жеткирүү боюнча тендерге катышууга чакырабыз.

Бул демилге мектептерди инновациялык куралдар жана ресурстар менен камсыз кылууга багытталган. Максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучуларды STEM тармагына кызыктыруу жана алардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнө даярдоо. Долбоор жаш окуучулардын критикалык ой жүгүртүү, чыгармачылык жана технологиялык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Биз билим берүү жана технология тармагында тиешелүү тажрыйбасы жана экспертизага ээ болгон уюмдардын өтүнмөлөрүн кабыл алабыз. Тендердин жүрүшү адилеттүү жана ачык тандоо принцибине негизделет.

Кызыкдар уюмдар тиркелген Техникалык тапшырма (ToR) жана керектүү кошумча документтер менен 09/12/2024 жылга чейин adpcskg@gmail.com дарегине толук тендердик документтерди тапшыруусу талап кылынат.

Каттын темасында төмөнкүдөй көрсөтүү өтүнүчү:
“Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана Жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы (ALE) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Санариптик жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү үчүн акыркы чакырымдык байланыш” долбоорунун алкагында FIRST куралдар жана робототехника комплекттерин жеткирүү боюнча тендердик документтер”

Долбоор же тендердик процесс боюнча суроолоруңуз болсо, adpcskg@gmail.com дареги аркылуу биздин команда менен байланышсаңыз болот.

Сиздин катышууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз жана бул маанилүү демилгеге кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Техникалык тапшырма орус тилинде

Техникалык тапшырма кыргыз тилинде

FIRST куралдар жана робототехника комплекттерин жеткирүү боюнча тендер жарыялайбыз

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Пролистать наверх