FIRST Kyrgyzstan 2025–2026 Чемпионатынын Түштүк аймактагы мектептери үчүн каттоо башталды

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Санариптик жана жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн акыркы чакырымдык туташуу” (Connectivity) долбоорунун алкагында Кыргызстанда биринчи жолу өтө турган FIRST Kyrgyzstan 2025–2026 улуттук чемпионатына Түштүк аймактагы мектептерди каттоо башталды.

📍 Этап Ош шаарында

  • 25-октябрь 2025 – машыгуу күнү (тренинг жана даярдык)
  • 26-октябрь 2025 – негизги чемпионат күнү

Катышуу укугуна Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы мектеп командалары ээ.

👩‍🎓 Кимдер катыша алат?

  • 6–10 жаштагы окуучуларFIRST LEGO League Explore
  • 10–16 жаштагы окуучуларFIRST LEGO League Challenge
  • 12–18 жаштагы окуучуларFIRST Tech Challenge

 

🎯 Эмне үчүн бул маанилүү?

  • Окуучулар инженердик жана программалоо көндүмдөрүн өнүктүрүшөт;
  • Мугалимдер жаңы STEM окутуу методдорун өздөштүрүшөт;
  • Мектептер эл аралык STEM коомчулугуна кошулат;
  • Жеңүүчүлөр Кыргызстанды эл аралык FIRST мелдештеринде өкүлчүлүк кылууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

🤝 Организаторлор жана өнөктөштөр

  • Организатор: Өнөктөштүктү жана жарандык коомду өнүктүрүү Ассоциациясы, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Connectivity долбоорунун алкагында.
  • Техникалык колдоо: Эл аралык FIRST уюму, анын өкүлү USTEM Foundation жана ТОО Kerneu Group (Казакстан).
  • Организациялык колдоо: Маариф Фонду

📝 Каттоо

Командаларды каттоо Google-форма аркылуу жүргүзүлөт

  • Osh explore

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScEJEzvc1mMhnzoOCAtxJwEuEB75sVMWpOI1TIKwfODzK0gHw/viewform?usp=sharing&ouid=110150657196496515747

  • Osh challenge

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfTG7JUEcP8b_a0836PhfnyggtuKmX-ITFJulApbXQ_K0VfIw/viewform?usp=sharing&ouid=110150657196496515747

  • Osh FTC

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdnf_jESrNtWUZAIzRctJsAHLVT1bTo6aUp2RMr81WKByb3-Q/viewform?usp=header

FIRST Kyrgyzstan 2025–2026 Чемпионатынын Түштүк аймактагы мектептери үчүн каттоо башталды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Пролистать наверх