Мониторинг жана баалоо боюнча экспертти тандоо үчүн конкурс – стартаптар, робототехника жана STEM

Өнөктөштүктү жана жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities (Connectivity)» долбооруна ишкердик, стартаптарды өнүктүрүү, робототехника, STEM-билим берүү жана инновациялык демилгелер жаатында тиешелүү кесиптик тажрыйбасы бар квалификациялуу көз карандысыз эксперттерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт.

Негизги талаптар:

  • Тиешелүү багытта кеминде 3 жылдык кесиптик тажрыйба;

  • Мониторинг жана баалоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча тажрыйба;

  • Ишкердик, стартаптар, робототехника, STEM же инновациялар жаатындагы билим жана тажрыйба;

  • Мониторинг инструменттерин, индикаторлорду жана натыйжаларды көзөмөлдөө системаларын колдонуу тажрыйбасы;

  • Кыргыз жана орус тилдерин C1 деңгээлинде мыкты билүү;

  • Англис тилин жакшы деңгээлде билүү;

  • Эл аралык уюмдар же Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоорлор менен иштөө тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

📅 Ишти баштоо мөөнөтү: 1-август 2026-жыл
📩 Өтүнмө берүү үчүн резюмеңизди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүңүз: adpcskg@gmail.com
Каттын темасы: Monitoring and Evaluation Expert – Startups, Robotics and STEM

Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 17-июлу.

Мониторинг жана баалоо боюнча экспертти тандоо үчүн конкурс – стартаптар, робототехника жана STEM

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Пролистать наверх