Мониторинг жана баалоо боюнча экспертти тандоо үчүн конкурс – интернет байланышы жана санариптик технологиялар

Өнөктөштүктү жана жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities (Connectivity)» долбооруна интернет байланышы, санариптик технологиялар жана/же санариптик билим берүү жаатында кесиптик тажрыйбасы бар квалификациялуу көз карандысыз эксперттерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт.

Негизги талаптар:

  • Тиешелүү багытта кеминде 3 жылдык кесиптик тажрыйба;

  • Мониторинг жана баалоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча тажрыйба;

  • Интернет байланышы, МКТ, санариптик технологиялар же санариптик билим берүү жаатындагы кесиптик тажрыйба;

  • Мониторинг инструменттерин, индикаторлорду жана натыйжаларды көзөмөлдөө системаларын колдонуу тажрыйбасы;

  • Кыргыз жана орус тилдерин C1 деңгээлинде мыкты билүү;

  • Англис тилин жакшы деңгээлде билүү;

  • Эл аралык уюмдар же Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоорлор менен иштөө тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

📅 Ишти баштоо мөөнөтү: 1-август 2026-жыл
📩 Резюме (CV) төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: adpcskg@gmail.com
Каттын темасы: Monitoring and Evaluation Expert – Connectivity Project

Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 17-июлу.

Мониторинг жана баалоо боюнча экспертти тандоо үчүн конкурс – интернет байланышы жана санариптик технологиялар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Пролистать наверх