Өнөктөштүктү жана жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities (Connectivity)» долбооруна көз карандысыз тышкы баалоочуну тандоо боюнча конкурс жарыялайт.
Баалоонун негизги максаты — долбоордун жетишилген натыйжаларын талдоо, пландаштырылган көрсөткүчтөрдүн аткарылышын баалоо жана долбоордун ийгиликтүү тажрыйбаларын мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Баалоо OECD/DAC критерийлерине ылайык жүргүзүлөт жана төмөнкү багыттарды камтыйт:
- долбоордун логикалык алкагында белгиленген көрсөткүчтөрдүн, анын ичинде жалпы максаттын, күтүлгөн натыйжалардын жана иш-чаралардын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын баалоо;
- долбоордун актуалдуулугун, өз ара шайкештигин, натыйжалуулугун, ресурстарды пайдалануунун эффективдүүлүгүн, таасирин жана туруктуулугун талдоо;
- долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жетишилген негизги натыйжаларды, кыйынчылыктарды жана алынган сабактарды аныктоо;
- донор, арыз берүүчү уюм жана долбоордун өнөктөштөрү үчүн практикалык сунуштарды даярдоо.
Тышкы баалоочуга коюлган талаптар, иштин көлөмү, күтүлгөн натыйжалар жана арыз берүү тартиби боюнча толук маалымат ушул жарыяга тиркелген Техникалык тапшырмада (Terms of Reference) көрсөтүлгөн.
Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 27-июлу.
Кызыкдар болгон эксперттер жана уюмдар Техникалык тапшырма менен таанышып, көрсөтүлгөн талаптарга ылайык өз сунуштарын берүүгө чакырылат.
ТЗ_Внешняя_оценка_Connectivity