Өнөктөштүктү жана жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities (Connectivity)» долбооруна интернет байланышы, санариптик технологиялар жана/же санариптик билим берүү жаатында кесиптик тажрыйбасы бар квалификациялуу көз карандысыз эксперттерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт.
Негизги талаптар:
-
Тиешелүү багытта кеминде 3 жылдык кесиптик тажрыйба;
-
Мониторинг жана баалоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча тажрыйба;
-
Интернет байланышы, МКТ, санариптик технологиялар же санариптик билим берүү жаатындагы кесиптик тажрыйба;
-
Мониторинг инструменттерин, индикаторлорду жана натыйжаларды көзөмөлдөө системаларын колдонуу тажрыйбасы;
-
Кыргыз жана орус тилдерин C1 деңгээлинде мыкты билүү;
-
Англис тилин жакшы деңгээлде билүү;
-
Эл аралык уюмдар же Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоорлор менен иштөө тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
📅 Ишти баштоо мөөнөтү: 1-август 2026-жыл
📩 Резюме (CV) төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: adpcskg@gmail.com
Каттын темасы: Monitoring and Evaluation Expert – Connectivity Project
Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 17-июлу.