FIRST Kyrgyzstan 2025–2026 Чемпионатынын Түштүк аймактагы мектептери үчүн каттоо башталды

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Санариптик жана жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн акыркы чакырымдык туташуу” (Connectivity) долбоорунун алкагында Кыргызстанда биринчи жолу өтө турган FIRST Kyrgyzstan 2025–2026 улуттук чемпионатына Түштүк аймактагы мектептерди каттоо башталды. 📍 Этап Ош шаарында 25-октябрь 2025 – машыгуу күнү (тренинг жана даярдык) 26-октябрь 2025 – негизги чемпионат күнү Катышуу укугуна Ош, Жалал-Абад […]

Бир такта — миң идея: сабакка жаңы формат

Кадырмамат уулу Абдразак атындагы интернат мектебинде интерактивдүү такталар күнүмдүк сабактын бир бөлүгүнө айланды. Субгранттардын аткарылышын мониторингдөө алкагында биздин команда ачык сабактарга катышып, жаңы технологиянын окуу процессине тийгизген реалдуу таасирин көрдү. Башталгыч класстардын сабактарында мугалимдер интерактивдүү тапшырмалардан тартып, кыска видеолорго жана реалдуу убакыттагы сурамжылоолорго чейин ар кандай ыкмаларды колдонушту. Окуучулар темаларды ылдамыраак түшүнүп, топ болуп такта […]

Ойно, үйрөн, конструкторло: Гүлчө мектеби сабакты жандандырып, робот-командаларды ишке киргизди

Гүлча, Алай району — №2 орто мектеп: интерактивдүү такта колдонулуп, үч робототехника командасы түзүлдүАлай районунун Гүлча айылындагы №2 орто мектепте жаңы технологиялар сабакка активдүү колдонулууда. Субгранттардын аткарылышын мониторингдөө алкагында долбоор командасы мектепке барып, интерактивдүү тактанын жана робототехниканын колдонулушун көрүп чыкты. Ачык сабакта (орус тили: «сөздүн түзүлүшүн талдоо») мугалим интерактивдүү тапшырмаларды жана ыкчам кайтарым байланыш ыкмаларын […]

ТЕНДЕРГЕ КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ: Европа Биримдиги каржылаган «Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities» (Connectivity) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында эки Улуттук робототехника чемпионатын уюштуруу жана өткөрүү

«Last-mile connectivity to promote digital-green education opportunities» (Connectivity) долбоору Борбор Азия өлкөлөрүндө катталган уюмдарды эки Улуттук робототехника чемпионатын уюштуруу жана өткөрүү боюнча тендерге катышууга чакырат. 📅 Өткөрүү даталары жана жайгашкан жерлер: Ош ш. — 2025-ж. 18-октябрь (200гө жакын катышуучу) Бишкек ш. — 2025-ж. 13-декабрь (400гө жакын катышуучу) 🏆 Тандоо категориялары: FIRST LEGO League Explore (6–10 […]

Долбоордун стартаптары ЕБ талаптарына ылайык брендинг жана маалыматтык иш боюнча ыкмаларды макулдашты

2025-жылдын 8-июлунда долбоорго катышкан жети стартаптын өкүлдөрү катышкан жемиштүү жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы Европа Биримдигинин визуалдык идентификация жана коммуникация эрежелери болду. Иш-чара бардык өнөктөштөр ЕБнин брендинг жана долбоор тууралуу маалымат жайылтуу боюнча талаптарынан толук кабардар экенин камсыздоого жакшы мүмкүнчүлүк жаратты. Жолугушууда ЕБнин визуалдык идентификация боюнча колдонмосунун негизги аспектилери тааныштырылды. Анын ичинде логотиптерди туура […]

Жети стартаптын баары Connectivity долбоору алкагында келишимдерге кол коюшту

2025-жылдын 4-июлунда Connectivity долбоорунун алкагында тандалган жети стартап расмий түрдө өнөктөштүк келишимдерине кол коюшту. Бул кадам долбоорду ишке ашыруунун маанилүү этабы болуп, долбоордук команда менен конкурстук тандоодон өткөн инновациялык стартаптардын кызматташтыгын расмий түрдө бекемдеди. Келишимдерге кол коюу долбоордун санариптик инновацияларды, ишкердикти жана тармактар аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча максаттарына жетүүдө жалпы умтулуусун чагылдырат. Расмий […]

Алыс жайгашкан мектептерде ЕБнин колдоосу менен заманбап билим берүү жабдууларын орнотуу аяктады

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди заманбап билим берүү технологиялары менен жабдуу демилгеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Европа Биримдигинин каржылык колдоосунун аркасында мектептер интерактивдүү панелдерге ээ болуп, бул окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, окуу процессин дагы интерактивдүү жана натыйжалуу кылат. Мектептердин тизмесин Педагогикалык кадрларды жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту түздү. Долбоордун колдоосун таанытуунун бир бөлүгү катары жабдууларга Европа Биримдиги тарабынан […]

Central Asia Startup Cup 2025: ЕБ Борбор Азиядагы стартап экосистемасын өнүктүрүүнү колдодуе

2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы Flatter Hall коворкингинде, Технопаркта (Кыргыз Республикасы) Central Asia Startup Cup — Борбор Азиядагы стартап-экосистеманы өнүктүрүүгө багытталган маанилүү регионалдык иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Accelerate Prosperity (Улуу Британиянын Элчилиги жана Ага Хан Фонду тарабынан колдоого алынган) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) менен биргеликте, Европа Биримдиги […]

Юридикалык эксперт издейбиз!

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Санарип-жашыл билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу үчүн акыркы чакырымдык байланыш” долбоору 2025-жылдын май айынан 2026-жылдын август айына чейин иш алып баруу үчүн юридикалык байланыш боюнча адис издөөдө. 30 айга созулган бул долбоор Кыргызстандын шаардык жана айылдык мектептеринде интернетке туташууну жакшыртуу, санариптик жана “жашыл” билим берүүнү өнүктүрүү максатын көздөйт. Юридикалык эксперт маалыматты коргоо, […]

В Бишкеке состоится Central Asia Startup Cup 2025Бишкекте Central Asia Startup Cup 2025 өтөт

2025-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы Flatter Hall коворкингинде, Технопаркта (Горький көч., 1/2, Кыргыз Республикасы) Central Asia Startup Cup (CASC) — Борбор Азиядагы стартап экосистемасын өнүктүрүүгө арналган маанилүү регионалдык иш-чара өтөт. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Accelerate Prosperity — Улуу Британиянын Элчилиги жана Ага Хан Фонду тарабынан биргелешип […]

Пролистать наверх